Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-бука айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 8-сентябрындагы №11/1
Ала-Бука айыл аймагында салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү жөнүндө
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы №02-02/4070 сандуу катына жана айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 8-сентябрь 2025-жылы чыгарган корутундусуна таянып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Ала-Бука айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды (аш-тойлор, маркумду эскерүү) өткөрүү үчүн кафе-ресторандардын иштөө тартиби кечки саат 22.00гө чейин иштөөсү боюнча чектөө киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар жана эрежелер боюнча кафе-ресторандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөт кызматкерлерине жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузган кафе-ресторан ээлери жоопкерчиликке тартылып, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде айып пулдар салынсын.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана регламент, депутаттык этика жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, тарнспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Акпаралыев Д.А.
|