Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 токтомуна)
Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) медициналык-социалдык экспертиза системасынын мекемелер системасынын баштапкы деңгээли болуп саналган, аймактык принцип боюнча балдарды жана чоң кишилерди эксперттик жактан тейлеген аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (мындан ары - аймактык МСЭК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Аймактык МСЭКтер Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун (мындан ары - РМСЭБ) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Аймактык МСЭКтер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, РМСЭБдин чечимдерин жана ушул Типтүү жобону жетекчиликке алат.
4. Аймактык МСЭКтин мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штампы жана мөөрү болот.
2-глава. Аймактык МСЭКтин максаттары жана милдеттери
5. Аймактык МСЭКтин максаты жарандарды жашоо-тиричилигинин категорияларынын бузулуу даражасы бар экендигин өз убагында жана сапаттуу күбөлөндүрүүнү камсыз кылуу, майыптыгы бар адамдардын социалдык коргоо, реабилитациялоо жана абилитациялоо чараларына муктаждыгын аныктоо болуп саналат.
Аймактык МСЭКтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өз убагында жана сапаттуу медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүүнү камсыз кылуу, эмгекке жарамдуулугун баалоо жана организмдин функцияларынын туруктуу бузулушунан улам пайда болгон жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдү баалоонун негизинде күбөлөндүрүлүүчү адамдын социалдык коргоо чараларына муктаждыгын белгиленген тартипте аныктоо;
2) күбөлөндүрүлүүчү адамдын кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын баалоо;
3) майыптыгы бар адамдарга эмгектин мүнөзү жана шарттары боюнча эмгекти сунуштоо;
4) жарандардын майыптыгынын себебин аныктоо;
5) майыптыктын түзүмүн өз убагында жана сапаттуу эсепке алууну жана талдоону камсыз кылуу, медициналык-социалдык экспертизадан өткөн жарандар жөнүндө электрондук базага киргизүү.
3-глава. Аймактык МСЭКтин функциялары
6. Аймактык МСЭКтер төмөнкү функцияларды аткарат:
1) жарандардын эмгекке жарамдуулугун убактылуу жана туруктуу жоготушуна медициналык-социалдык экспертиза жүргүзөт, майыптыгы бар экендиги фактысын белгилейт, майыптыктын тобун, себептерин (келип чыккан жагдайларды жана шарттарды), майып болгон мөөнөттөрүн жана убактысын, майыптыгы бар адамдардын социалдык колдоонун ар кандай түрлөрүнө муктаждыгын аныктайт;
2) майыптыгы бар баланын жана/же адамдын башка бирөөнүн туруктуу багуусуна муктаждыгын жана/же башка адамдын туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгын аныктайт;
3) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн өтүнүчү боюнча майыптыгы бар баланын жана/же адамдын башка адамдын туруктуу багуусуна муктаждыгын жана/же башка адамдын туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгынын негиздүүлүгүнө контролдук күбөлөндүрүү жүргүзөт;
4) эмгектик милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинген же ден соолугуна башка зыян келтирилген адамдардын кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын (пайыз менен) белгилейт;
5) эмгектик мертинүүдөн же кесиптик оорудан жабыркаган, майыптыгы бар жарандардын жардамдын кошумча түрлөрүнө, реабилитациялоонун техникалык каражаттарына, медициналык жана кесиптик реабилитациялоого жана абилитациялоого муктаждыгын аныктайт;
6) майыптыгы бар адамдардын кыймылдоонун көмөкчү каражаттарына болгон муктаждыгын аныктайт;
7) саламаттык сактоо уюмдарынын врачтарына экспертиза маселелери боюнча консультациялык жардам көрсөтөт, анын ичинде майыптыгы бар адамдарга жана бейтаптарга консультациялык күбөлөндүрүүнү жүргүзөт;
8) майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышын контролдойт, майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруунун аймактык МСЭКтин сунуштарына ылайыктуулугуна баа берет;
9) майыптыгы бар адамдар үчүн алардын ден соолугунун абалына ылайыктуу эмгектин, иштин жана кесиптин шарттары менен түрлөрүн, ошондой эле бузулган эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө же жогорулатууга мүмкүн болгон шарттарды жана методдорду аныктайт;
10) тейлөө аймагында майыптыктын абалын жана себептерин иликтейт жана талдайт, РМСЭБге, зарыл учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет;
11) саламаттык сактоо уюмдары жана иш берүүчүлөр менен бирдикте майыптыктын алдын алуунун комплекстүү программаларын иштеп чыгууга катышат;
12) зарыл медициналык документтер болгон учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жолдомосу боюнча:
- тастыктоону талап кылган майыптыктын белгилеринин болушуна каза болгондон кийинки экспертизаны жүргүзөт;
- майыптыгы боюнча жөлөкпулдарды жана пенсияны төлөө үчүн өткөн мезгилге майыптыкты белгилейт;
- социалдык стационардык мекеменин тиби жөнүндө корутунду берет;
- жаза өтөө жерлериндеги соттолгондорго күбөлөндүрүүнү жүргүзөт;
13) медициналык документтер жана жабырлануучунун жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдүн эмгектик милдеттерин аткарууга байланышкан эмгектик мертинүүдөн же ден соолугунун башка бузулушунун байланышы бардыгын ырастаган документтер болгон учурда иш берүүчүнүн жолдомосу боюнча өткөн мезгил үчүн төмөнкү маселелерди карайт:
- көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде майыптыктын белгилеринин болушу, майыптыктын себеби жөнүндө;
- майыптык келип чыккан мөөнөттөр жана убакыт жөнүндө;
- кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы жөнүндө;
- жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждык жөнүндө;
- ден соолугу боюнча жеткиликтүү эмгектин жана кесиптин шарттары жана түрлөрү жөнүндө.