Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 30-августандагы № 01-5/35

 

“Октябрь” көчөсүнүн атын кайра атоо жөнүндө

Военно-Антоновка айылынын Октябрь көчөсүнүн тургундарынан Октябрь көчөсүнүн атын Самаков Жолдошбектин атынан коюп берүү жөнүндө арызын социалдык маселелер, маданият, байланыш өркүндөтүү боюнча туруктуу комиссиянын 16-авгусстагы протоколуна ылайык айылдык кеңештин отурумунда карап, талкуулап,

Военно-Антоновка айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Военно-Антоновка айыл аймагындагы “Октябрь” көчөсү “Самаков Жолдошбек” атындагы көчө болуп аталсын.

2. Военно-Антоновка айыл өкмөтү көчөнүн атын өзгөртүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш алып барсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Мураталиев У.М