Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-апрели № 01-4/9
Кожомкул айыл аймагын санитардык жактан тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жөнүндө
Кожомкул айыл аймагында санитардык абалды жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо, калктын жашоо шарттарын жакшыртуу, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Кожомкул айылдык кеңеши токтом кылат;
1. Кожомкул айыл аймагын санитардык жактан тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча Жобо бекитилсин.
2. Жобонун талаптары Кожомкул айыл аймагындагы бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү деп табылсын.
3. Кожомкул айыл өкмөтүнө:
а) Жобонун талаптарын ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруу;
б) Аймакты тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин туруктуу негизде жүргүзүү;
в) Тиричилик калдыктарын чыгаруу жана жок кылуу боюнча иштерди көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
г) Калктын санитардык маданиятын жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
д) Тазалык эрежелеринин сакталуусун камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М |