Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-апрели № 01-4/10
Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө
“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Кожомкул айылдык кеңешинин Социалдык маселелер жана саламаттык сактоо билим берүү маселеси боюнча Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып,
1. Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга төмөнкү тарифтер бекитилсин:
а) калк үчүн 1 айга бир адамдан 73,9 (жетимиш үч сом тогуз тыйын) өлчөмүндө.
2. Курулуш таштандылары, жаныбарлардын кыгы, отун жана көмүр күлүн ташып чыгууга 1 тоннасы – 1530 сом өлчөмүндө.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М |