Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-апрели № 01-4/11
Уруксатсыз борбордук суу түтүктөрүнө жана канализация тармактарына кошулуу боюнча айып пулдардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кожомкул айыл аймагынын Тазалык Муниципалдык ишканасынын кайрылуусун карап чыгып,борбордук суу менен камсыздоо жана канализация системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15 февралындагы №47 токтомунун 120-беренесине ылайык Социалдык маселелер жана саламаттык сактоо билим берүү маселеси боюнча Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Кожомкул айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Борбордук суу менен камсыздоо жана канализация тармактарына уруксатсыз кошулгандыгы үчүн айып пулдардын өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин:
а) Жеке жактар үчүн- 200 эсептик көрсөткүч 20 000 сом (жыйырма миң сом)
б) Юридикалык жактар үчүн -650 эсептик көрсөткүч 65 000сом (алтымыш беш миң сом).
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М |