Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-апрели № 01-4/12
Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду коюу каадасын өткөрүү жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24- февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына байланыштуу, Военно-Антоновка айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги №01-5/20 токтомун эске алып, Кожомкул айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабарындагы №01-5/9 токтому жокко чыгарылсын.
2. Кожомкул айылы боюнча, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү максатында, ашыкча чыгым кылып өткөзүлбөсүн.
3. Аза күткөн маркумдун үйүндө мал союлбасын.
4. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду коюу каадасын өткөрү жөнүндө жобосун №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М. |