БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 23
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Исагалиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Исагалиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын караштуу Сасык-Булак айылындагы Уметов Айбектин өзүнө тиешелүү Бекназаров Сагынбек көчөсүндөгү №152ажеке менчик участогунун ээси Жумагул уулу Алымкул көчөсүнүн №113 катталган 0,25сотых жеринин ичинен 600кв.м сотых жерин максаттык багыты өзгөртүүгө жана айыл өкмөтүнө өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Осмонов |