БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2021-жылдын 20-августундагы № 24
2021-жылдын 31-июнундагы Бекмолдо айыл аймагынын жалпы элдик жыйынын протоколун кароо жөнүндө
Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 31-июнундагы элдик чогулушунун протоколунун негизинде коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 31-июнундагы элдик чогулушунун протоколу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 31-июнундагы элдик чогулушунун протоколунун негизинде Бекмолдо айыл өкмөтүнө муниципалдык ишкана түзүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Осмонов |