Редакцияот 20.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы

 

 

2021-жылдын 20-августундагы № 31

Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Молдошов Равилдин жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Молдошов Р. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Молдошов Р. 2021-жылдын 3-8-августунда Иссык-Кол облусунун Чолпон-Ата шаарында гренплинг боюнча Эл аралык турнирге катышып келгендиги үчүн колдоо катары 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бө лүнүп берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл ө кмө түнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

С.Осмонов