БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2021-жылдын 20-августундагы № 32
Бекмолдо айыл аймагынын “Эр эңиш” федерациясынын балбандардын атынан жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын “Эр эңиш” федерациясынын балбандардын атынан жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын “Эр эңиш” федерациясынын балбандары Ыссык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүлүүчү КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине ат оюндарына катышуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Осмонов |