БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2021-жылдын 20-августундагы № 38
Бекмолдо айыл аймагынын волейбол боюнча аялдар командасынын жалпы жамаатынын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Бекмолдо айыл аймагынын волейбол боюнча аялдар командасынын жалпы жамаатынын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. 2021-жылдын 20-25-августуна чейин “Талас ынтымагы” аталышындагы аялдар арасындагы волейбол оюнун өткөрүү кезеги Бекмолдо айыл өкмөтүнө берилгендигине байланыштуу, 1-4-орунга ээ болгон командаларды сыйлоо үчүн сметанын негизинде 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Осмонов |