БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2021-жылдын 20-августундагы № 42
Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Орозбаева Уулкандын кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Орозбаева У. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Сасык-Булак айылынын тургуну Орозбаева Уулкандын небереси Арстанбекова Раяна диагноз: постгемморагическая энцефалопатия, абсансная эпилепсия, приступный период, ЗПР менен ооруп жаткандыгына байланыштуу, дарылануу үчүн жардам катары 25 000 (жыйырма беш миъ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Осмонов |