Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
V сессиясы
2025-жылдын 18-июлундагы №55
Эш-Сай айылынын “ Эш-Сай айылы макамы” жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси К.Медетбековдун жана айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамаларын жана сунуштарын угуп, талкуулап, туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-июлундагы №5 корутундусуна ылайык, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси К.Медетбековдун жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы жана Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Эш-Сай айылынын жашоочуларынын 2025-жылдын 02-июлундагы Эш-Сай айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун №1 протоколу эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Эш-Сай айылында 70 түтүн калк 1987-жылдан бери туруктуу жашап, олтурукташып, мал багып,жер иштетип тиричиликтерин кылып жатканын эске алып, “Эш-Сай айылы” макамы калтырылсын..
3. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Жаныза уулу Нурсултан |