Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
V сессиясы
2025-жылдын 18-июлундагы №56
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө “ келишимин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин бекитүү жөнүндө Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Кетмен-Дөбө айылдык аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишими бекитилсин.
2.Бекитилген келишимдин негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөө боюнча 2025-жылга карата типтүү штаттык расписаниени жөнөтүү финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Карымшаковага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Жаныза уулу Нурсултан |