Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
V сессиясы
2025-жылдын 18-июлундагы №58
Жергиликтүү бюджеттин 2026-2027-2028-жылдар аралыгында киреше бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Карымшакованын жана айылдык кеңештин бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын баяндамаларын жана сунуштарын угуп, талкуулап, туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-июнундагы №5 корутундусуна ылайык, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vсессиясы
Токтом кылат:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Карымшакованын жана айылдык кеңештин бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын баяндамаларын жана сунуштарын угуп, талкуулап, туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-июнундагы № 5 корутундусу эске алынсын.
2.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтунүн жергиликтүү бюджеттин 2026-2027-2028-жылдар аралыгында киреше бөлүгүнүн болжолдуу планы бекитилип берилсин. (тиркеме тиркелет)
3.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянына тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Жаныза уулу Нурсултан |