Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
V сессиясы
2025-жылдын 18-июлундагы №59
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө 6 айлык бюджеттинин ашыкча аткарылган каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Карымшакованын жана айылдык кеңештин бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын баяндамаларын жана сунуштарын угуп, талкуулап, туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-июнундагы № 5 корутундусуна ылайык, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Карымшакованын жана айылдык кеңештин бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын баяндамаларын жана сунуштарын угуп, талкуулап, туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-июнундагы №5 корутундусу,айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-июлундагы№ 1563чыгыш каты эске алынсын.
2.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 6 айлык бюджеттинин ашыкча аткарылган каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
1).Кызгалдак балдар бакчасына бала бакчага балдарды кабыл алууну кеңейтүү үчүн керектүү жабдыктарды алуу үчүн 127550 сом акча каражаты 2222 беренесине бөлүнүп бекитилсин.
2).Көпүрө –Башы бала бакчасына керектүү жабдыктар жана үстү жабык эс алуу аянтчасын куруу үчүн 600000 сом акча каражаты 2222 беренесине бөлүнүп бекитилсин.
3).Т.Сатылганов музейине иштөө бөлмөсүн ондоо иштерине 55560 сом акча каражаты 2222 беренесине бөлүнүп бекитилсин.
4).Ултан-Камыш,Кош-Булак калктуу конуштарынын тургундарына электр чубалгысын алуу үчүн 37000 сом акча каражаты 3112 беренесине бөлүнүп бекитилсин.
5).Көпүрө-Башы айылына электр бетон мамычаларын алуу үчүн 100000 сом 3112 беренесине бөлүнүп бекитилсин.
6).Мазар-Суу айылындагы бир көчөгө электр чубалгысын алууга 120 мин сом акча сом акча каражаты 3112 беренесине бөлүнүп бекитилсин.
7).Тоялиев мектебинин от жагуучу бөлмөсүн курууга 252180 сом акча каражаты 3112 беренесине бөлүнүп бекитилсин.
8).Коргол мектебинин спорт залынын полун ондоо иштерине 100мин сом акча каражатын Токтогул районүнүн жана Жазы-Кечүү айылдары боюнча Атайын эсеп мамлекеттик дирекциясына сунуштоо жагы Кетмен –Дөбө айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаевге милдеттендирилсин.
9). Даңканай мектебинин чатырын ондоо жана ажаткана куруу иштерине 1.9 млн сом акча каражатын Токтогул районүнүн жана Жазы-Кечүү айылдары боюнча Атайын эсеп мамлекеттик дирекциясына сунуштоо жагы Кетмен –Дөбө айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комитетинин төрагасы
Т.Т. Бобушовго тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Жаныза уулу Нурсултан |