Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 3-августу № 140
Товардык биржалар жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам товардык биржалардын иши жана биржалык соода жүргүзүү процессинде келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, товардык биржалардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо тартибин белгилейт.
1-берене. Товардык биржалар жана биржалык соода чөйрөсүндөгү мыйзамдар
1. Товардык биржалар жана биржалык соода чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
2. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагында жайгашкан товардык биржаларга карата ушул Мыйзамдын талаптары колдонулбайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
1) базалык актив - мөөнөттүү биржалык контракт, атап айтканда, фьючерс же опцион түзүлүүчү конкреттүү товар же товарлардын тобу;
2) биржа брокери - товардык биржада өз ишин жүргүзүүчү жана кардардын тапшырмасы боюнча анын эсебинен жана кызыкчылыгында биржалык товарга бүтүмдөрдү жасоочу ишкердик субъекти;
3) биржа дилери - товардык биржада өз ишин жүргүзүүчү жана биржалык товарга бүтүмдөрдү өз кызыкчылыгында жана өз эсебинен жасоочу ишкердик субъекти;
4) биржалык камсыз кылуу - биржалык тооруктарга катышуу үчүн түзүлүүчү биржалык бүтүмдөр боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылуусун камсыз кылуу катары биржалык сооданын катышуучулары тарабынан товардык биржанын же товардык биржанын клирингдик борборунун эсебине кайтарым негизде салынуучу акчалай каражаттар;
5) биржалык соода - товардык биржалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биржалык товарларды сатуу боюнча электрондук түрдө биржалык тооруктарды өткөрүү, бүтүмдөрдү каттоо жана тариздөө жолу менен товардык биржада жүргүзүлүүчү ишкердик иш;
6) биржалык тооруктар - биржалык соода эрежелерине ылайык өткөрүлүүчү, биржалык бүтүмдөрдү түзүү процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу товардык биржанын электрондук соода тутумуна берилген электрондук өтүнмөлөрдүн негизинде биржалык товарларга бүтүмдөрдү жасоого багытталган процесс;
7) биржалык товар - ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен товардык биржа тарабынан биржалык соодага жол берилген стандартташтырылган же стандартташтырылбаган товар;
8) товардык биржанын ички документтери - товардык биржада биржалык тооруктардын катышуучуларынын иш шарттарын жана тартибин, товардык биржанын, анын органдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин, кызмат көрсөтүүлөрүн, ошондой эле аларды төлөөнүн тартибин жана өлчөмүн жөнгө салуучу документтер;
9) кепилдик фонду - биржада түзүлгөн бүтүмдөрдүн аткарылуусун камсыз кылуу максатында биржа жана (же) анын клирингдик борбору тарабынан биржа мүчөлөрүнүн милдеттүү төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлүүчү акча фонду;
10) кардар - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте биржалык товарга бүтүмдөрдү жасоо үчүн биржа брокеринин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучу жеке адам, анын ичинде жеке ишкер катары катталган жак же юридикалык жак;
11) товардык биржанын клирингдик иши - биржа же анын клирингдик уюму тарабынан жүргүзүлүүчү жана лицензияланууга тийиш болбогон, биржалык бүтүмдөр боюнча гана тараптардын милдеттенмелерин эсепке алуу, тастыктоо жана өз ара эсепке чегерүү процесси;
12) биржалык товарлардын котировкасы - товардык биржада белгилүү бир убакытта биржалык товарлар боюнча жарыяланган суроо-талаптын жана (же) сунуштун баасы;
13) кросс-бүтүмү - биржа брокери эки башка кардардын тапшырмасы боюнча иш жүргүзүүдө сатуучу да, сатып алуучу да тарап катары чыккан биржалык бүтүм;
14) маркет-мейкер - биржалык рыноктун ликвиддүүлүгүн котировкаларды коюу жана мөөнөттүү контракттарды сатып алуу жана сатуу боюнча милдеттенмелерди алуу жолу менен түзүүчү жана колдоочу юридикалык жак;
15) стандартташтырылбаган товар - стандартташтырылган товарларды, көмүртек бирдигин, кыймылсыз мүлктү жана интеллектуалдык менчик объекттерин кошпогондо, жүгүртүүдөн алып коюлбаган же жүгүртүүдө чектелбеген товар;
16) опцион - сатып алуучуга белгилүү бир мөөнөттө же ага чейин товарды мурдатан сүйлөшүлгөн баада сатып алууга же сатууга укук берүүчү контракт, бирок милдеттенме эмес;
17) опциондук бүтүм - объекти опцион болуп саналуучу биржалык бүтүм;
18) буйрук - биржа брокерине кардар тарабынан берилүүчү жана товардык биржада конкреттүү биржалык товарларга карата белгилүү бир аракетти жасоо тууралуу көрсөтмө камтылган документ;
19) кош утурлама аукцион режими - биржалык бүтүмдөр сатуучулар менен сатып алуучулардын атаандаштыгынын натыйжасында жашыруун түзүлүүчү, ал эми стандартташтырылган товардын баасы суроо-талаптын жана сунуштун тең салмактуулук деңгээлинде белгиленүүчү соода режими;
20) стандарттык аукцион режими - биржалык бүтүмдөр сатып алуучу (сатуучу) - аукциондун демилгечиси үчүн эң жакшы баа боюнча төмөндөтүү же жогорулатуу аукционунун жүрүшүндө түзүлүүчү биржалык тоорук режими;
21) мөөнөттүү контракт - аткарылуусу кийинкиге жылдырылган базалык активди шартсыз же шарттуу сатып алуу-сатуу тууралуу контракт, буга фьючерс жана опцион кирет;
22) өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм - товардык биржалардын, биржа брокерлеринин жана (же) биржа дилерлеринин ыктыярдуу катышуусуна негизделген жана товардык биржалар чөйрөсүндөгү өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын реестрине киргизилген ассоциация (бирлик) формасындагы коммерциялык эмес уюм;
23) спот-товарлар - кампада турган токтоосуз берилүүчү же келечекте берилүүчү товар;
24) стандартташтырылган товар - Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына киргизилген бир тектүү товар жана (же) бирдиктери бардык жагынан окшош, окшош мүнөздөмөлөргө ээ болгон, окшош компоненттерден турган, ошол эле функцияларды аткарууга мүмкүндүк берген, ар башка өндүрүүчүлөрдүн партияларын өз ара толук алмаштыруучу касиетке ээ болгон товар, анын ичинде көмүртек бирдиктери;
25) соода лоту - биржалык товардын сатуу (сатып алуу) өтүнмөсүндө көрсөтүлгөн биржалык товардын санына эселенүүгө тийиш болгон саны;
26) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталуучу, товардык биржалар жана биржалык соода ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
27) биржалык сооданын катышуучулары - биржалык сооданын белгиленген эрежелери боюнча товардык биржада өз ара аракеттенүүчү кардарлар, биржа брокерлери, биржа дилерлери жана маркет-мейкерлер;
28) фьючерстик бүтүм - объекти фьючерс болуп саналган биржалык бүтүм;
29) фьючерс - мурдатан белгиленген баа боюнча жана келечекте белгилүү бир датада белгилүү бир товарды сатып алууга же сатууга стандартташтырылган келишим;
30) товардык биржанын мүчөлөрү - ушул Мыйзамда аныкталган тартипте товардык биржа тарабынан аккредиттелген биржа брокерлери, биржа дилерлери жана маркет-мейкерлер;
31) товардык биржанын электрондук соода тутуму - биржалык тооруктарды өткөрүү үчүн зарыл болгон жана биржалык бүтүмдөрдү түзүү процессин, ошондой эле маалыматты чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана ачыкка чыгарууну автоматташтырууну камсыз кылуучу эсептөө каражаттарынын, программалык камсыз кылуунун, дайындар базаларынын, телекоммуникациялык каражаттардын жана товардык биржанын башка жабдууларынын комплекси.