Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 126
Венчурдук каржылоо жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында венчурдук ишти жүзөгө ашырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле рыноктун талаптарына жана венчурдук ишти жүргүзүүнүн жалпыга таанылган эл аралык эрежелерине ылайык инвесторлорго жагымдуу укуктук режимди түзүү жана кепилдиктерди берүү аркылуу Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртууга жана венчурдук инвестицияларга дем берүүгө багытталган венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин белгилейт.
2-берене. Венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын максаттары
Ушул Мыйзам инновацияларды жана бизнес жүргүзүүдөгү жаңы ыкмаларды каржылоонун негизги булактарынын бири катары Кыргыз Республикасында венчурдук ишти өнүктүрүүгө жана дем берүүгө, жогорку технологиялык жана инновациялык компаниялардын, стартаптардын, глобалдык деңгээлде атаандаштыкка өнүмдөрдүн жана сервистердин пайда болушуна жана өсүшүнө көмөктөшүүгө, венчурдук иштин катышуучулары тарабынан пайдаланылуучу негизги инструменттерди аныктоого жана алар үчүн укуктук базаны түзүүгө, ошондой эле бизнес-ангелдердин жана венчурдук инвесторлордун иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги аныктамалар колдонулат:
1) венчурдук иш - стартаптарды жана инновациялык компанияларды венчурдук каржылоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан, жогорку өсүү потенциалы бар долбоорлорго каражаттарды тартууну, топтоону жана инвестициялоону, ошондой эле мындай инвестицияларды башкарууну жана инвестицияланган компаниялардын өнүгүшүнө көмөктөшүүнү камтыган иш;
2) бизнес-ангел - өздүк каражаттарын стартаптарга жана инновациялык компанияларга алардын өнүгүүсүнүн баштапкы баскычтарында инвестициялоону жүзөгө ашырган жана зарыл болгондо консультациялык же эксперттик колдоо көрсөткөн жеке жак;
3) венчурдук каржылоо (венчурдук инвестициялар) - стартаптарга жана инновациялык компанияларга жогорку өсүү потенциалы менен жогорку тобокелдик шарттарында, компаниянын наркынын өсүшүнө катышууну караган үлүштөрдү, акцияларды алуу же башка инвестициялык инструменттерди колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу инвестициялар;
4) венчурдук капитал фонду (венчурдук фонд) - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте стартаптарга жана инновациялык компанияларга инвестициялоо үчүн квалификацияланган инвесторлордун каражаттарын бириктирүү;
5) стартап - инновациялык идеяларга негизделген, масштабдалган жана ар кандай рыноктордо колдонула турган бизнес-моделди издөө, иштеп чыгуу жана текшерүү, жаңы өнүм же кызмат көрсөтүүнү берүү жолу менен конкреттүү көйгөйдү чечүү үчүн түзүлүүчү юридикалык жак же долбоор;
6) венчурдук башкаруучу - ушул Мыйзамга жана венчурдук фонддун келишимине ылайык венчурдук фонддун калган катышуучуларынын атынан венчурдук фондду башкарууну жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
7) венчурдук инвестор - өздүк же тартылган каражаттарды түздөн-түз стартаптарга жана инновациялык компанияларга инвестициялоо же болбосо венчурдук фондго катышуу аркылуу инвестициялоо жолу менен венчурдук каржылоону жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
8) инновациялык компания - инновациялык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
9) фонддор фонду - ишинин максаты инновациялык, илимий-техникалык жана жогорку технологиялык долбоорлорду каржылоочу инвестициялык, венчурдук жана башка фонддорго инвестицияларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында фонддорду кесипкөй башкаруу институтун жана инновациялык экотутумун өнүктүрүүгө дем берүү болуп саналган юридикалык жак.
4-берене. Венчурдук каржылоонун негизги принциптери
Кыргыз Республикасында венчурдук каржылоо төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) келишим эркиндиги жана венчурдук иштин катышуучуларынын эркинин автономиясы;
2) инвесторлордун өздөрү салган аманаттарынын чегинде чектелген жоопкерчилиги;
3) венчурдук фонддорду кесипкөйлүк жана ак ниеттүүлүк менен башкаруу;
4) инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
5) каражаттарды тартуунун жарыяланбаган мүнөзү жана квалификацияланган гана инвесторлордун катышуусу;
6) венчурдук иштин катышуучуларынын ортосунда инвестициялык тобокелдиктерди бөлүштүрүүсү;
7) инвестициялардын узак мөөнөттүү мүнөзү;
8) венчурдук башкаруучу инвестициялык чечимдерди өз алдынча кабыл алуусу;
9) мыйзамда түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, инвестициялык ишке мамлекеттин минималдуу кийлигишүүсү.