Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын XIII-кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрель | №31 |
|
“Барскоон-Бедел” автоунаа жолунун курулушуна кум-шагыл карьерлерин пайдаланууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.С.Калыковдун маалыматын угуп жана талкуулап, Жер, муниципалдык менчик жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн компаниясынын Барскоон-Бедел стратегиялык автоунаа жолун куруу долбоорунун жетекчилиги аркылуу жүргүзүлүп жаткан Барскоон-Бедел жолунун курулуш иштеринин муктаждыгы үчүн кум-ташты майдалоочу жабдуу орнотуу менен Барскоон айылынын түндүк-батыш тарабындагы №157, 163, 165, 166, 167, 168, 404, 405, 409-контурларындагы жалпы 18,16 га жана Барскоон айылынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан №2264-контурунда жайгашкан 2,70 га жер тилкелериндеги кум-шагыл аралашма материалдарын казып карьер катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кум-шагыл материалдарын иштетүүдѳ ѳнѳр жай, экологиялык, өзгөчө кырдаалдар, суу ресурстары жана башка тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу жана карьерлерди пайдаланууда коопсуздук эрежелерди сактоо жагы Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн компаниясынын Барскоон-Бедел стратегиялык автоунаа жолун куруу долбоорунун жетекчилигине тапшырылсын.
3. Айылдын негизги муктаждыктарына керектелген учурда кум-шагыл материалдарын пайдаланууда, ташууда жана башка жумуштарды макулдашуу менен аткарууда аталган жол куруучу компания тарабынан жакындан жардам берүү жагы эске алынсын.
4. Бул токтом Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин жер, муниципалдык менчик жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.