Загрузка документа…
«3-тиркеме
Кыргыз Республикасындагы агроөнөр жай кластерлери жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо агрегатор-ишкананын жана чийки затты жеткирүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүү моделинин негизинде Кыргыз Республикасында агроөнөр жай кластерлерин түзүүнүн жана иштөөсүнүн укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктоо, аларды мамлекеттик колдоо жана ишин жөнгө салуу механизмдерин белгилөө максатында иштелип чыккан.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продукттарын өндүрүү, даярдоо, сактоо, алгачкы иштетүү, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
3. Бул Жобо айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл чарба продукциясынын көлөмдөрүн жана кошумча наркын көбөйтүүгө, Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.
4. Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кластерлери жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө», «Кооперативдер жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна, ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет.
5. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Жободо каралган эрежелерден башка эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
6. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
агроөнөр жай кластери – айыл чарба продукциясынын белгилүү бир түрүн өндүрүүгө, даярдоого, сактоого, алгачкы иштетүүгө (болгон учурда), кайра иштетүүгө (болгон учурда), сорттоого, калибрлөөгө, маркалоого, таңгактоого, маркетингге жана (же) сатууга багытталган, агрегатор-ишкана менен чийки затты жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы келишимдик мамилелерге негизделген айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана (же) сатууну уюштуруу формасы;
айыл чарба продукциясын жеткирүү келишими (мындан ары –келишим) – агрегатор-ишкана менен чийки затты жеткирүүчүнүн ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү шарттарын, көлөмдөрүн, сапатын, мөөнөттөрүн жана баасын, ошондой эле тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоочу макулдашуу. Макулдашуу форвард бүтүмүнүн шарттарында түзүлүшү мүмкүн;
агроөнөр жай кластеринин категориясы – кластердин деңгээли (республикалык, облустук, райондук), ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан агрегатор-ишкананын ишинин критерийлеринин негизинде аныкталат;
агрегатор-ишкананын иш-аракеттеринин критерийлери – кластердин экономикалык маанисин, таралуу масштабын жана иштөө чөйрөсүн баалоо үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөр;
негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү – агрегатор-ишкананын жана кластердин катышуучуларынын ишинин натыйжалуулугун мүнөздөгөн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн системасы;
мамлекеттик колдоо чаралары – Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексиндеги кластердик саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык мамлекет тарабынан агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына көрсөтүлүүчү финансылык, уюштуруучулук, укуктук жана башка чаралардын комплекси;
чийки затты жеткирүүчү – дыйкан (фермердик) чарбасы, жеке ишкер, айыл чарба кооперативи, айыл чарба даярдоочусу же айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жүзөгө ашырган жана агроөнөр жай кластеринин муктаждыктары үчүн айыл чарба продукциясын жеткирүүгө агрегатор-ишкана менен келишим түзгөн башка жеке же юридикалык жак;
агроөнөр жай кластеринин агрегатор-ишканасы (мындан ары – агрегатор-ишкана) – агроөнөр жай кластеринин өзөгү болуп саналган юридикалык жак, ал өндүрүштүк жана (же) сатуу чынжырын уюштурат, чийки затты жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзөт, продукцияны чогултууну, сактоону, алгачкы иштетүүнү (болгон учурда), сорттоону, калибрлөөнү, кайра иштетүүнү (болгон учурда), маркалоону, таңгактоону, маркетингди жана сатууну камсыз кылат же координациялайт (продукттан же чийки заттан көз каранды), ошондой эле чийки затты жеткирүүчүлөргө ресурстарды жана кызматтарды алууга көмөк көрсөтөт;
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кластерлеринин реестри (мындан ары – Реестр) – агроөнөр жай кластерлерин эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн жана жүргүзүлгөн маалыматтык ресурс;
ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган, ал агроөнөр жай кластерлеринин ишин координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле мамлекеттик колдоо чараларын ишке ашырууну жүзөгө ашырат;
агроөнөр жай кластеринин катышуучусу – айыл чарба продукциясын жеткирүү келишимин түзгөн жана агроөнөр жай кластеринин өндүрүштүк жана (же) сатуу чынжырынын алкагында макулдашылган ишти жүзөгө ашырган агрегатор-ишкана же чийки затты жеткирүүчү;
айыл чарба продукциясын жеткирүүгө форвард бүтүмү – бул чийки затты жеткирүүчү агрегатор-ишканага белгилүү бир түрдөгү, сапаттагы жана сандагы продукцияны бүтүм түзүлгөн учурда аныкталган баа боюнча келечекте белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө милдеттенген келишимдин түрү.
7. Агроөнөр жай кластеринин катышуучулары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) агрегатор-ишкана;
2) чийки затты жеткирүүчүлөр.
8. Агрегатор-ишкана агроөнөр жай кластеринин борбордук звеносу болуп саналат жана төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
1) агроөнөр жай кластеринин ишин уюштуруу жана координациялоо;
2) чийки затты жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүү;
3) продукцияны даярдоо, сактоо, алгачкы иштетүү (болгон учурда), кайра иштетүү (болгон учурда), таңгактоо, сертификаттоо менен камсыз кылуу же координациялоо;
4) агроөнөр жай кластеринин продукциясынын маркетингин жана сатууну, анын ичинде экспортун уюштуруу;
5) чийки затты жеткирүүчүлөргө каржылоого, технологияларга, үрөнгө, отургузуучу материалга, жаш малга, балык чабагына, жер семирткичтерге, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо каражаттарына, ветеринардык жана фитосанитардык кызматтарга жетүүдө көмөктөшүү;
6) агроөнөр жай кластеринин ишин эсепке алуу жана иши жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө отчет берүү.
9. Агрегатор-ишкана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген иш критерийлерине жооп бериши керек.
10. Чийки затты жеткирүүчүлөр агрегатор-ишкана менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык айыл чарба продукциясын өндүрөт же даярдайт.
11. Чийки затты жеткирүүчүлөр милдеттүү:
1) келишимде белгиленген көлөмдө, сапатта жана мөөнөттөрдө айыл чарба продукциясын өндүрүүнү же даярдоону жана жеткирүүнү камсыз кылууга;
2) агрегатор-ишкана менен макулдашылган продукциянын технологиялык талаптарын, сапат жана коопсуздук стандарттарын сактоого;
3) айыл чарба продукциясын өстүрүү же даярдоонун өндүрүштүк процесси жөнүндө агрегатор-ишканага керектүү маалыматты берүүгө.
12. Чийки затты жеткирүүчүлөр укуктуу:
1) келишимде белгиленген баалар боюнча жеткирилген продукциянын өз убагында толук көлөмдө төлөмүнө;
2) ресурстарга жана кызматтарга жетүүдө агрегатор-ишкананын көмөгүн алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык агроөнөр жай кластеринин катышуучулары үчүн каралган мамлекеттик колдоо чараларын алууга.
3-глава. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары