Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын XIII-кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрели №33
Э.Кендирбаев атындагы жалпы билим берүү
мектебинин кайрылуусу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүүү жѳнүндѳ” токтомунун 151-пунктуна ылайык, Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев жалпы билим берүү мектебинин директору А.Аманованын жана ата-энелер комитетинин тѳрайымы В.Касаналиеванын кайрылуусун талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев жалпы билим берүү мектебинин директору А.Аманованын жана ата-энелер комитетинин тѳрайымы В.Касаналиеванын мектептин жанындагы жайгашкан соода түйүндѳрү окуучуларга тамак-аш азыктарын кѳзѳмѳлсүз, сапатсыз сатып, жаш ѳспүрүмдѳрдүн ден соолугунун калыптануусуна терс таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу кайрылуусу канагаттандырылсын.
2. Жалпы билим берүү уюмдарынын аймагынан 100 метр радиуста тамак-аш азыктарын сатууга тыюуу салынсын.
3. Айыл ѳкмѳт башчысы А.С.Калыков мыйзамда кѳрсѳтүлгѳн санитардык-эпидемиологиялык нормаларды аткаруу боюнча иштерди алып барсын, ал эми буга чейин билим берүү мекемелеринин чегинде соода кылган ишкерлерге тиешелүү жерден соода кылууга жер тилкесин сунуштасын.
4. Бул токтом Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.