Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын XIII-кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрели №35
Барскоон айыл аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо борборун уюштуруу жөнүндө
Барскоон айыл аймагынын 2030-жылга чейинки мезгил аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу максатында, айыл аймактын жашоочуларынын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн кайрылуусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо борборун уюштуруу демилгеси колдоого алынсын.
2. Борборго Барскоон айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан аймактан 51,56 чарчы метр имарат бөлүнүп берилсин.
3. Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.С.Калыков реабилитациялык борборду уюштуруу боюнча каржылык маселелерди чечсин.
4. Бул токтом Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин жер, муниципалдык менчик жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ч.А.Ажыбеков