Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын XIII-кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрели №36
Барскоон айыл аймагында аткарылып жаткан жумуштарга Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзүү жана алардын жылдык иш планын бекитүү жөнүндө
Барскоон айыл аймагында аткарылып жаткан жумуштарга жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүн, депутаттарын катыштыруу аркылуу мониторинг жана баалоо иштерин уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 27-декабрындагы №01-25/352 сандуу буйругунун негизинде Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Сыдыкованын кайрылуусун эске алып, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
Төрага Ч.А.Ажыбеков
|
| 1-тиркеме Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги №36 токтому менен бекитилген |
Барскоон айыл аймагында жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына ылайык жана КРнын Министрелер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан бекитилген Типтүү жобонун негизинде иштелип чыты.
1.2. Ушул жобо жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.
1.3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо дегенде биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу мониторинг жана баалоо (мындан ары – МжБ) объекттеринин ишинин жыйынтыктарынын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессин түшүнүш керек.
1.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун (мындан ары – БМжБ) уюштуруучулары болуп саналат.
1.5. БМжБны жергиликтүү кеңештин чечими менен түзүлгөн, жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн камтыган топ жүргүзөт.
1.6. БМжБ маалыматтык-телекоммуникациялык системаларды жана технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды пайдалануу менен ачык жүргүзүлөт.
1.7. ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине системалуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.
1.8. ЖӨБ органдарынын ишин баалоо – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин жыйынтыктарын туруктуу негизде же бир жолку баалоо.