Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын IХ сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы № 9/4
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 6- майдагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун 5 пунктун негизинде туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Д.Садырбаев айыл аймагындагы жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участоктун аянты 0,10 га бекитилсин.
2.Жеке менчик турак жай куруу үчүн бекитилген өлчөмдө иш алып баруу айыл өкмөт башчысы А.Бекибаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Оморалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев |