Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын XIV-кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-июну, №39
2026-жылдын I жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын жыйынтыктары жана айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Калыковдун отчету угулду жана талкууланды. Натыйжада, 2026-жылдын 1-январынан30-июнуна чейинки аралыкта карата Барскоон айыл өкмөтүнүн банктык эсебине 69 538,7 (алтымыш тогуз миллион беш жүз отуз сегиз миң, жети жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты келип түшкѳн. 30 июнга карата жогоруда белгиленген банктык эсепте турган акча каражаттарынын ичинен 24 838 671,54 (жыйырма тѳрт миллион сегиз жүз отуз сегиз миң алты жүз жетимиш бир) сом гана пайдаланылган. Факт жүзүндѳ пландалган 44 700028,46 (кырк тѳрт миллион жети жүз миң) сом колдонулбаган акча каражатынын калдыгы казынада турат. Толук каржылоо жана эсептерде акчанын иш жүзүндө бар экендигине карабастан, айыл өкмөтү чыгашалардын негизги беренелери, анын ичинде: айыл аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык обьектилерди оңдоо сыяктуу Барскоон айыл аймагын ѳнүктүрүү программасында каралган жана башка маселелер ишке ашпай калган. Бул жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын укуктук жактан чектөөгө жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылбай калышына алып келди.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 2026-жылдын I жарым жылдыгы үчүн аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Калыковдун отчету маалымат катары кабыл алынсын.
2. 2026-жылдын I жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн өздөштүрүү боюнча Барскоон айыл өкмөтүнүн иши канааттандырарлык эмес деп таанылсын.
3. Кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбоо, каражаттарды эсептерде натыйжасыз кармап туруу жана бюджеттин аткарылышын үзгүлтүккө учуратууга жол бергендиги үчүн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине тартиптик жаза чарасын (сөгүш/катуу сөгүш) берүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Калыковго сунушталсын.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Калыков жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылбай калышына жеке жоопкер экендиги эскертилсин жана кетирилген кемчиликтерди толук четтетүү, зарыл болгон тендердик процедураларды өткөрүү жана каражаттарды өз убагында өздөштүрүү үчүн 2026-жылдын 1-августуна чейин мөөнөт белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Калыковго белгиленген мөөнөттө бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү боюнча чечкиндүү чараларды көрбөгөн учурда, жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясында ага ишеним көрсөтпөө маселеси карала тургандыгы эскертилсин.
6. Бул токтом жана ага тиешелүү материалдар маалымат үчүн Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадиновго жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл
ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду
каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-
укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук
башкармалыгына жөнөтсүн.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын
Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин
бюджет, финансы, салык жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына
(А.Букаровго) тапшырылсын.
Төрага Ч.А.Ажыбеков