Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын кезектеги
VII сессиясы
2025-жылдын 29-майындагы № 7/2
Жаңы -Турмуш көчөсүнө ат коюу тууралуу
Д.Садырбаев айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын Жаңы – Турмуш көчөсүнүн тургундарынын көчөгө ат кою боюнча жыйынынын протоколунун, социалдык боюнча туруктуу комиссиянын отурумунунун жана Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамынын 7-статьясынын негизде Д. Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы Арык айылынын Жаңы - Турмуш көчөсүн согуштун ардагери
ЖылкычиевТөлөн аксакалдын ысымы ыйгарылсын.
2. Д.Садырбаев айыл өкмөтү башчысы А.Бекибаев бул токтомду аткарууга алсын жана өздүк маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынындаректерди ыйгаруу жана даректүүкаттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобонун 25-пунктуна ылайык тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу маселесин кароо Ноокен райоунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4.Жаңы көчөнүн жарыктандыруу, көрктөндүрүү, тазалыгын, үй номурларын жазуу жана илүү боюнча чыгымдарын маркум Т.Жылкычиев балдарына, туугандарына милдеттендирилсин .
5.Бул токтом “Кыргыз Республикасындагы айыл чарбасын катоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү” №122 токтомдун негизинде 2025-жылдын 1- декабрында күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы У.Жантаевага жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев |