Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын IХ сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы № 9/1
Д. Садырбаев айыл аймагындагы ички чарбалык суу каналдарын
жана ирригация суу системаларын өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 28 беренесинин, Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн сунушун жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын угуп жана талкуулап Д. Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Д. Садырбаев айыл аймагындагы ички чарбалык суу каналдарын жана ирригация суу системаларын Ноокен суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Д. Садырбаев айыл аймагындагы муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп беруу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мүлктөрдү өткөруп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Оморалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев |