Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июль | №42 |
|
|
|
|
“Суу – Өмүр булагы” муниципалдык ишканасына акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, стратегиялык маанидеги суу чарба объектилерин сапаттуу кармоо, ишкана тарабынан аткарылып жаткан долбоорлорду колдоо, ошондой эле муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин жетекчиликке алып, “Суу-Өмүр булагы” муниципалдык ишканасынын директору К.Усеновдун кайрылуусун карап жана талкуулап, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. “Суу–Өмүр булагы” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу канагаттандырылсын жана 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинде “Барскоон айыл аймагындагы жыл ичиндеги даталуу күндөргө” бөлүнгөн 3 400 000 (үч миллион төрт жүз миң) сом каражаттан жана күйүүчү майга бѳлүнгѳн суммадан 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты багытын өзгөртүү менен муниципалдык ишканага бөлүнүп берилсин.
2. Аталган акча каражаттары “Суу-Өмүр булагы” муниципалдык ишканасына максаттуу субсидия түрүндө төмөнкү муктаждыктарга багытталсын:
· Суу топтоочу объектилерге (резевуарларга) видео көзөмөл камераларын сатып алып, орнотууга – 650 000 (алты жүз элүү миң) сом;
· Барскоон айылындагы Тарылга бассейнинде долбоор менен аткарылып жаткан суу кабыл алуучу, тазалоочу жайдын курулушуна өздүк салым катары – 1 000 000 (бир миллион) сом;
· Резервуарларды тазалоо жана башка чарбалык иштерге – 150 000 (жүз элүү миң) сом.
3. Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Калыковго төмөнкүлөр тапшырылсын:
· Бөлүнгөн акча каражаттарын “Суу-Өмүр булагы” муниципалдык ишканасынын эсептешүү эсебине өз убагында которулушун камсыз кылсын.
· Бөлүнгөн акча каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына катуу көзөмөл жүргүзсүн.
4. “Суу-Өмүр булагы” муниципалдык ишканасынын директору К.Усеновго бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү тууралуу аткарылган иштердин актыларын жана каржылык документтерди тиркөө аркылуу отчетту Барскоон айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына белгиленген мөөнөттө тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, каржы-экономикалык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (А.Букаров) тапшырылсын.
Төрага Ч.А.Ажыбеков