Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын IХ сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы № 9/2
2026-2028-жылдарга кирешенин божомолдуу
планын бекитүү жөнүндө
Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Калматовдун 2026-2028-жылдарга кирешенин божомолдуу долбоорун угуп жана талкуулап Д. Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026- жылга 147991,4 (бир жүз кырк жети миллион тогуз жүз токсон бир миң төрт жүз) сом, 2027-жылга 150340,0 (бир жүз элүү миллион үч жүз кырк миң) сомго 2028-жылга 152527,0 (бир жүз элүү эки миллион беш жүз жыйырма жети миң) сомго кирешенин божомолдуу долбоору бекитилсин.
2. 2026-2028-жылдарга кирешенин божомолдуу долбоору менен иш алып баруу Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев |