Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын IХ сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы № 9/5
Ат коюу боюнча моратирий киргизүү жөнүндө
Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-июндагы №01-35/1406 катын угуп жана талкуулап элдердин арасында бөлүнүп жарылуунун алдын алуу максатында Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Д.Садырбаев айыл аймагындагы көчөлөргө, социалдык обьектилерге жана башка муниципалдык имараттарга ат коюу боюнча 2 жылдык мөөнөткө моратирий киргизилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы У.Жантаевага жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев |