Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
2026-жылдын 08-июль | №43 |
“Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасына акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин жетекчиликке алып, “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Маданбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасына айыл аймак боюнча коомдук жайлардын жана социалдык объектилердин, ошондой эле айыл аймакта жайгашкан ишкерлик менен алектен физикалык жана юридикалык тараптардын таштандыларын чыгаруу иштерин алып баруу жагы милдеттендирилсин.
2. Таштандыны чыгаруу кызматынын тарифи кубуна 458 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу канагаттандырылсын жана 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинде “Күтүлбѳгѳн чыгымдарга каралган” 1 000 000 (бир миллион) сомдон жана “Долбоорлоо-сметалык документацияларды жасатууга (ПСД) каралган суммадан 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты багытын өзгөртүү менен муниципалдык ишканага бөлүнүп берилсин.
4. Аталган акча каражаттары “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасына максаттуу субсидия түрүндө төмөнкү муктаждыктарга багытталсын:
5. Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Калыковго төмөнкүлөр тапшырылсын:
6. “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Маданбековго бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү тууралуу аткарылган иштердин актыларын жана каржылык документтерди тиркөө аркылуу отчетту Барскоон айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына белгиленген мөөнөттө тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, каржы-экономикалык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (А.Букаров) тапшырылсын.
Төрага Ч.А.Ажыбеков