Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июль | №44 |
|
2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин 6 айлык жыйынтыгы менен иштин муктаждыгына акча каражаттарын жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жана КРнын “Жергиликтүү администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39 беренелерине ылайык, жергиликтүү кеңешине, айыл ѳкмѳтүнүн каржы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысынын убактылуу башчысы Г.Чабалдаеванын акча каражаттарын жылдыруу тууралуу билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин 6 айлык жыйынтыгы менен иштин муктаждыгына акча каражатын жылдырууда 6 ай ичинде сатып алуулар порталында болгон үнѳмдѳлгѳн жана жыл ичинде пайдалана албай калган акча каражаттары №1 тиркемеге ылайык акча каражаттары статьядан статьяга жылдырылып, бѳлүнсүн.
2. Каралган акча каражаттарын бекитип берүү жагы Жети-Ѳгүз райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган чечимге ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу, чечүү жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.С.Калыковго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5.Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, каржы-экономикалык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (А.Букаров) тапшырылсын.
Төрага Ч.А.Ажыбеков
\
Айыл ѳкмѳтүнѳн статьядан статьяга жылдыруучу акча каражаттары:
№ | Аталышы
| Кайсы жумушка өзгөрүүсү | Кайсыл жумуштан алынып жатат | Суммасы (сом) |
1 | Барскоон маданият үйүндѳгү конференц-залга | Барскоон маданият үйүндѳгү конференц-залына эмеректерди жана керектүү буюмдарды алууга | Социалдык объектилердин коммуналдык, гигиеналык каражаттары үчүн - гигиеналык каражаттар, тазалоочу каражаттар – 100,0 миң сом - чарбалык шаймандарды алууга 100,0 миң | 200 000 |
2 | Айыл ѳкмѳтүнүн архив бѳлүмүнѳ | Архив бѳлүмүнѳ текчелерди алууга жана терезесин алмаштырууга | Айыл ѳкмѳтүнүн архив бѳлүмүн ремонттоого каралган 150,0 миң сомдон | 100 000 |
3 | Барскоон айыл аймагынын расмий символикаларын (Гербин жана Желегин) иштеп чыгуу боюнча ачык сынагына
| Сынактын байге фондуна | Айыл чарба каттоосунан үнѳмдѳлгѳн акча каражатынан | 200 000 |
4 | Барскоон маданият үйүнүн конференциялык залын | Реконструциялоого | Караколка, Карасай айылдарынын докуметанциясын жасоого | 1 000 000 |
| Жалпы |
|
| 1 500 000 |