Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 13-майы №4/1
Айыл өкмөтүнүн Кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) айыл чарба жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн баштапкы ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы №326 токтому менен бекитилген “Айыл чарба багытындагы жерлерди ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону” жетекчиликке алып, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуугун жогорулатуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, Эмгек-Талаа айылдык кенеши, токтом кылат;
1. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн 1 (бир) гектар жерге жылдык ижара акысынын баштапкы ставкасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
· Сугат жерлер үчүн: 1 гектарга 1000 сом;
· Кайрак жерлер үчүн: 1 гектарга 500 сом.
2. Аукциондун кадамы (бааны көтөрүү өлчөмү) баштапкы баанын 10 (он) пайызы өлчөмүндө белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн жер маселелри боюнча башкы адиси Талант уулу Бекке аукционду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык жана айкын өткөрүү, маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына же атайын порталдарга өз убагында жайгаштыруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарба,жер турак жайы, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана өз алдынча башкаруу боюнча жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa. gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Р. Касымов |