Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын 15-сессиясынын
ТОКТОМУ
“02” 05 2026-ж №171
Кызыл-Суу айыл аймактын жергиликтүү жамаатынын
Уставын бекитүү жөнүндө.
Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттардын уставдарын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Агенттик тарабынан 2026-жылдын 17-мартында № 01-25/78 “Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө” буйругу угулуп жана талкууланып жергиликтʏʏ кеӊешинин сессиясы токтом кылат.
1.“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 буйругу күчүн жоготкондугу эске алынсын.
2.Агенттик тарабынан 2026-жылдын 17-мартында №01-25/78 “Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде, Кызыл-Суу айыл аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Бекитилген Уставга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Нурбек уулу Алишерге милдеттендирилсин.
4.Кызыл-Суу жергиликтүү кеӊешинин 2025-жылдын 24-январындагы №13 Кызыл-Суу айыл аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтом күчүн жоготту деп таанылсын.
5.Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы А.Ташбаевага жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы А.Ташбаевага тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева