Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын 15-сессиясынын
ТОКТОМУ
“02” 05 2026-ж №173
Кызыл-Суу айылында таза сууга болгон тарифтерди бекитүү
жана жөнгө салуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 30-апрелиндеги №3/47 протоколунун чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 2026-жылдын 30-апрелиндеги №11 буйругун ишке ашыруу максатында жергиликтүү кеӊешинин сессиясы токтом кылат.
1.Кызыл-Суу айылында калк үчүн таза сууга болгон тариф 39,80 (отуз тогуз сом сексен тыйын) өлчөмүндө бекитилсин.
2.Өздүк нарк 61 сом 14 тыйындын айырмасы болгон 21 сом 34 тыйындын каржылоо булагын, тактап айтканда 15 млн 540 миӊ сомду издөө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
3.Протоколго ылайык бюджеттик уюмдар жана коммерциялык мекемелер үчүн таза сууга болгон тариф калк үчүн белгиленген тарифке карата 2 (эки) эсеге жогорулатылып бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
4.Протоколго ылайык жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 29-майындагы №28 токтому менен бекитилген ар бир кожолукту суу системасына кошуу боюнча 8574 сом өлчөмүндөгү төлөмдүн ичиндеги 3100 сом техникалык шарттарды (техусловие) даярдоого каралган сумма өзгөртүүсүз калтырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева