Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 13-майы №4/2
Эмгек-Талаа айыл аймагынын 8-Март айылына күнөскана куруу долбоорун өткөрүү жөнүндө.
Нарын райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоор жөнүндө Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Эмгек-Талаа айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Төмөндөгү долбоор ишке ашыруу үчүн жактырылсын:
Долбоордун аталышы:
· Эмгек-Талаа айыл өкмөтү тарабынан, Эмгек-Талаа айыл аймагынын 8-Март айылына күнөскана куруу долбоорун өткөрүү
Долбоордун наркы: 1500,0 (бир миллион беш жүз мин) сом
Эмгек-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 75,0 (жетимиш мин) сом
2. Долбоорду тиешелүү талаптарга ылайык ишке ашыруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумабаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет
боюнча туруктуу комиссияга (төрайымы М.Жумашовага) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa. gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Р. Касымов |