Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын 15-сессиясынын
ТОКТОМУ
“10” 07 2026-ж №185
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Ысык-Көл (Санаторий) айылында
таза сууга болгон тарифти бекитип берүү жөнүндө.
“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле айыл тургундарынын протоколун карап чыгып, таалкуулап жергиликтүү кеӊешинин сессиясы токтом кылат.
1.Санаторий айылында калк үчүн ичүүчү таза сууга болгон тариф 39 (отуз тогуз) сом 80 тыйын өлчөмүндө бекитилсин. (жыйындын протоколу тиркелет)
2.Бюджеттик мекемелер жана башка юридикалык жактар үчүн ичүүчү таза сууга болгон тариф колдонуудагы эсептөөлөргө ылайык өзүнчө белгиленсин.
3.Ушул токтом тиркемеси менен Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4.Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин жоопту катчысы А.Ташбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы жергиликтүү кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Маданбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Баякуновго тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева