Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын 15-сессиясынын
ТОКТОМУ
“10” 07 2026-ж №186
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө «Кызыл-Суу суу канал» муниципалдык ишканасынын жаӊы таза суу тутумуна кошулуу үчүн белгиленген техникалык шарттын төлөмүн кыскартуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле калкты таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана социалдык жактан колдоо максатында, жергиликтүү кеӊешинин сессиясы токтом кылат.
1.«Кызыл-Суу суу канал» муниципалдык ишканасынын жаӊы таза суу тутумуна кошулуу үчүн белгиленген жалпы 8 574 (сегиз миӊ беш жүз жетимиш төрт) сом төлөмдүн курамындагы техникалык шарт үчүн каралган 3 100 (уч миц жүз) сом өлчөмүндөгү төлөм алып салынсын.
2.Жаӊы таза суу тутумуна кошулуу үчүн жарандардан алынуучу жалпы төлөм 5 474 (беш миц торт жуз жетимиш торт) сом өлчөмүндө белгиленсин. Ал эми коммерциялык жана башка уюмдарга 8 574 (сегиз миц беш жуз жетимиш торт) сом өлчөмүндөгү төлөм өзгөртүүсүз калтырылсын.
3.«Кызыл-Суу суу канал» муниципалдык ишканасына ушул токтомдун негизинде жаӊы эсептөөлөрдү колдонууга алуусу милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊештин финансы жана боюджет комиссиясына жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Баякуновго тапшырылсын.
5.Ушул токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрайым Г.Чыныбаева