Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын 15-сессиясынын
ТОКТОМУ
“10” 07 2026-ж №187
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк айылындагы жаӊы
саланып жаткан 100 орундуу бала бакчага
ат ыйгаруу жөнүндө.
2026-жылдын 13-майындагы Кызыл-Суу айыл аймагынын Жалгыз-Өрук айылынын жашоочуларынын кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Баякуновдун сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кенешинин сессиясы токтом кылат.
1.2026-жылдын 13-майындагы Кызыл-Суу айыл аймагынын Жалгыз-Өрук айылынын жашоочуларынын кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Баякуновдун сунушу эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Кызыл-Суу айыл аймагынын Жалгыз-Өрүк айылынын жаӊы салынып жаткар 100 орундуу бала бакчага мектепке чейинки балдарды тарбиялоодогу үзүрлүү жана көп жылдык эмгегин баалап Ибраева Зинаиданын ысымы берилсин, 100 орундуу бала бакча Жалгыз-Өрүк айылындагы Ибраева Зинаида атындагы “Бакыт” бала бакчасы деп аталсын.
3. Ушул токтом тиркемеси менен Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4.Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин жоопту катчысы А.Ташбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы жергиликтүү кенештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Баякуновго тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева