Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 13-майы №4/4
Ак-Талаа айылынын тургуну Рыскелдиев Жумаке Жумакуновичтин жеке менчик жер участогун (огородун) өзүнүн макулдугу менен Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер кодексин», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Талаа айылынын тургуну Рыскелдиев Жумаке Жумакуновичтин өзүнө таандык жер участогун (огородун) өз ыктыяры менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдук катын карап чыгып, Эмгек-Талаа айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Ак-Талаа айылынын Какен Шейшеева көчөсүндөгү №20 Б дарегинде жайгашкан Рыскелдиев Жумаке Жумакуновичке тиешелуу жер аянтынан (огород) 0,44 га жер аянтын бөлүп алып, өзүнүн макулдугу менен бала бакча куруу максатында Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүү актысынын негизинде кабыл алууну уюштуруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Жумабаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештинин айыл чарба, жер турак жайы, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa. gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Р. Касымов |