Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 13-майы №4/5
Муниципалдык ишкананын атайын техникаларынын калкка кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин (бааларын) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана «Ак-Эмгек» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн туруктуу камсыздоо максатында, ошондой эле айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Эмгек-Талаа айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. «Ак-Эмгек» муниципалдык ишканасынын атайын техникаларынын калкка жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
Экскаватор – жер түздөө, арык казуу, ар кандай иштерге саатына 3300 сом (күйүүчу май ичинде), септик казуу (жер аянтын 1 метр терендикте казуу) 1300 сом.
Жүктөгүч (Погрузчик) – саатына 5000 сом(күйүүчу май ичинде)
ХОВО- рейсине жердин алыстыгына жараша (кум, шагыл, топурак тартуу, кык, таштанды чыгаруу) -3300 сомдон жогору (күйүүчу май ичинде) Комбайн- 1 га аянтты чабуу 4300 сом(күйүүчу май ичинде)
2. «Ак-Эмгек» муниципалдык ишканасынын жетекчисине Б.Рахматовго:
– Кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана кассага өз убагында кириштелишин камсыз кылуу;
– Бектитилген тарифтер тууралуу маалыматты айыл тургундарына ачык жана жеткиликтүү түрдө жарыялоо (маалымат такталары, социалдык тармактар аркылуу) тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, өнөр жай жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa. gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомду аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы
Р.Жумабаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Касымов |