Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 13-майы №4/6
Айыл аймагынын аймагынан инерттик материалдарды алуу үчүн карьер ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Эмгек-Талаа айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын аймагынын айылдарынан инерттик материалдарды (кум, шагыл ж.б.) алуу үчүн карьер ачууга макулдук берилсин.
2. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысына Р.Жумабаевге:
a. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан (экологиялык, техникалык коопсуздук жана архитектуралык кызматтардан) тиешелүү уруксат кагаздарын алуу;
b. Карьер ачуу жана аны иштетүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзам чегинде иш алып баруу;
c. Карьерди иштетүүдөн түшкөн каражаттардын же көрсөтүлгөн социалдык жардамдардын (айыл ичиндеги жолдорду оңдоо, социалдык объекттерге көмөктөшүү ж.б.) келишим негизинде так аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер турак жайы, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa. gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Р. Касымов |