Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2026-жылдын 11-августу №1
Жумгал райондук сотунун кызматтык имаратын куруу үчүн берилген жер тилкелери жөнүндө
Жумгал райондук сотунун кызматтык имаратын куруу үчүн берилген жер тилкелери жөнүндө Чаек айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын 34-беренесинин талаптарына ылайык, Чаек айылдык кеңеши угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешининин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Жумгал райондук сотунун кызматтык имаратын куруу үчүн берилген жер тилкелери боюнча Чаек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-июлунда №10 жана №11 чечимдерине ылайык (4-03-10-1001-3126 коду, 4-03-10-1001-3125 коду ыйгарылган, Сериясы Б№052413, Б№052412 ), жер тилкелери талапка ылайык болбогондуктан, Сот департаментинин өздөрүнүн макулдугунун негизинде Чаек айыл өкмөтүнүн балансына кайра кабыл алынсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |