Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2026-жылдын 11-августу №2
Чаек айыл өкмөтүнүн Т. Мураталиев көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги имаратты сүрдүрүүгө (бузууга) макулдук берүү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн Т. Мураталиев көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан муниципалдык имаратынын техникалык абалы эксплуатациялоого жараксыз экендиги жөнүндө эксперттик корутундуну жана Чаек айыл өкмөтүнүн сунуш катын карап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын 34-берененин талаптарына ылайык, Чаек айылдык кеңеши угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешининин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, Чаек айылынын Т. Мураталиев көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан (идентификациялык коду: 4-03-10-1001-2247) эксплуатациялоого жараксыз абалга келген имаратты сүрдүрүүгө (бузууга) макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдиловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |