Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2026-жылдын 11-августу №3
Чаек айыл өкмөтүнүн Т. Мураталиев көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерден Жумгал райондук сотунун кызматтык имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн Т. Мураталиев көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерден (идентификациялык коду: 4-03-10-1001-2247) Чаек айыл өкмөтүнүн сунуш катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 2-беренесинин 35-пунктунун, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын 27-беренесинин 15-пунктунун, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесинин талаптарына ылайык, Чаек айыл өкмөтүнүн сунуш катын карап Чаек айылдык кеңеши угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешининин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн Т. Мураталиев көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерден (идентификациялык коду: 4-03-10-1001-2247) Жумгал райондук сотунун кызматтык (административдик) жаңы имаратын куруу үчүн 30 сотых жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдиловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |