Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКТҮҮ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 10-августу №4/2
2023-жылдын 12-июль №2-4 токтомуна өзгортүү киргизүү боюнча Баетов айыл аймагынан чыккан эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык берүү жөнүндө ЖОБОну бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, 39-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык, Баетов айыл аймагынан эл аралык аренада спорт, билим берүү, маданият, искусство, илим жана башка тармактарда жогорку жетишкендиктерге жетишкен жарандарды колдоо жана шыктандыруу максатында Баетов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Баетов айыл аймагынан эл аралык аренага чыккан ар тармактуу жеңүүчүлөрүнө берилүүчү сый акы жөнүндө» Жобо бекитилсин.
2. Эл аралык аренада I, II жана III орундарды ээлеген жеңүүчүлөргө Жободо белгиленген тартипте бир жолку сый акы берүү белгиленсин.
3. Сый акы берүү боюнча чыгымдар Баетов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинде ушул максаттарга каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Баетов айыл өкмөтү сый акы берүү үчүн зарыл болгон каражаттарды тиешелүү жылга жергиликтүү бюджетти түзүүдө карасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |