Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКТҮҮ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 10-августу №4/3
2023-жылдын 12-июль №2-6 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча Баетов айыл аймагындагы жалпы орто билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мыкты окуучуну жана мыкты мектепти аныктоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын, Баетов айыл аймагындагы жалпы орто билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку жетишкендиктерге умтулуусун колдоо, мугалимдердин эмгегин баалоо жана ЖРТнын жыйынтыгы боюнча мыкты окуучуну жана мыкты мектепти аныктоо максатында, Баетов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Баетов айыл аймагындагы жалпы орто билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мыкты окуучуну жана мыкты мектепти аныктоо жөнүндө» Жобо бекитилсин.
2. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасын уюштуруу жана сыйлыктарды тапшыруу Баетов айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |