Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКТҮҮ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 10-августу №4/4
2023-жылдын 12-июль №2-7 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча Баетов айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө ЖОБОНУ бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнө, 39-беренесине ылайык, Баетов айыл аймагынын социалдык-экономикалык, маданий жана коомдук өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон жарандарды сыйлоо жана алардын эмгегин коомдук жактан таануу максатында, Баетов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Баетов айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө» Жобо бекитилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдоо, сыйлоо иш-чарасын уюштуруу жана сыйлыктарды тапшыруу Баетов айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баетов айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |