Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКТҮҮ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 10-августу №4/5
Баетов айыл аймагынын округдардагы жашоочулар арасында өткөрүлүүчү волейбол, футбол, теннис жана шахмат оюндары боюнча мелдешинин жобосун бекитүү тууралуу
Баетов айыл аймагындагы жергиликтүү коомдоштуктун жашоочулары арасында дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, балдарды, жаштарды жана калкты спорттук иш-чараларга кеңири тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Мыйзамына таянуу менен, Баетов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баетов айыл аймагынын округдардагы жашоочулар арасында өткөрүлүүчү волейбол, футбол, теннис жана шахмат боюнча мелдештерди өткөрүү жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Мелдештерди өткөрүү үчүн уюштуруу комитети жана калыстар тобу түзүлүп, алардын курамы айыл өкмөтүнүн тиешелүү буйругу менен бекитилсин.
3. Мелдештин жеңүүчүлөрүн жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларды сыйлоо үчүн дипломдорду, грамоталарды, медалдарды, кубокторду жана башка сыйлыктарды сатып алууга байланыштуу чыгымдар жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен, мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
4. Мелдештерди өткөрүү учурунда катышуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна байланыштуу коопсуздук чараларынын, санитардык талаптардын жана коомдук тартиптин сакталышы камсыз кылынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баетов айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |